• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкөдө санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн ишкерлерге 1,2 млн сом айып салынды

COVID - 19 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда санитардык нормалардын сакталышы боюнча 3 миңден ашык ишкердик субъекттер текшерилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 1,2 миллиондон ашуун сомго айып салынды.

“Кылдат көзөмөл жүргүзүлүүдө. Баарыбыз иштелип чыккан эрежелерди жана талаптарды так сакташыбыз керек”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 30-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 60 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1722ни түзөт. Алардын ичинен 1113 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий