• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкөдө сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу – Саламаттык сактоо министрлиги

Ден соолук 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. 17-февралга карата өлкөдө сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 27-январдан 9-февралга (ушул жылдын 5-6-аптасы) чейин тумоолоп калгандар көп болгон. Бирок, өткөн жумадан тарта (10-16.02.20.) ооругандардын саны 15,5%га азайганы байкалган. Маселен, өткөн аптада ооругандардын саны 9 миң 884 болсо, андан мурунку аптада алардын саны 11 миң 704тү түзгөн.

Алдын алуу чаралары:

- Туура тамактануу жана кыймылда болуу зарыл;

- Эгер балдарыңыз же сиз ооруп калсаңыз үйдө болуп, балдарды мектепке, бала бакчага жибербеңиз;

- Оорубаш үчүн сыркоологон адамдардан алыс болуңуз;

- "Жөтөлүү этикетин" сактап жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө ооз-мурунду жабып, ооз-мурун, көзүңүздү кармабаңыз;

- Колду самын менен жууп же колуңузга спирт аралашкан каражаттарды сүртүп туруңуз (айрыкча, ооз-мурунду кармагандан кийин);

- Мүмкүн болсо, эл топтошкон жерлерде азыраак болуңуз;

- Дайыма терезелерди ачып, бөлмөнү желдетип туруңуз;

- Эгер ооруп калсаңыз, үй-бүлөңүздүн башка мүчөлөрүнө жуктурбаш үчүн медициналык беткап тагыныңыз жана аны 4 саат сайын алмаштырып туруңуз;

- Бейтапты өзүнчө бөлмөгө бөлүп, өзүнчө идиш, бет аарчы берип, бөлмөнү тазалап, желдетип туруу кажет;

- Дарыгерге кайрылуу зарыл (дарыгерди үйгө чакырып) – дарыгер гана туура дарыланууну сунуштайт!

- Өзүңөрдү-өзүңөр дарылоодон алыс болгула. Анткени өзүн-өзү дарылоо оорунун оорлошуна алып келиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий