• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өлкөдө сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталды. Кара-Балтада унаа толугу менен күйүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусундагы Жайыл районунун Кара-Балта шаарында “Lada Priora” үлгүсүндөгү авто унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусундагы Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жыгач устундуу шифер жабылган аянты 25 чарчы метр болгон бастырма жана 50 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусундагы Өзгөн районунун Төлөс айылында шифер менен жабылган 400 чарчы метр сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ленин айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн аянты 30 чарчы метр болгон чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусундагы Чүй районунун Дөң-Арык айылында ачык аянтта 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Саргатал айылында турак үйдүн короосунда 340 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий