• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкөдө сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 16.01.20./Кабар/. Сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 5-кичи районунда №7 үйдүн подъездинин эшиги күйгөн. Өрт катталган жерден 10 адам коопсуз жайга эвакуацияланган, 1940-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши ооруканага жеткирилген. Абалы туруктуу. Өрттүн себеби такталууда.

Токмок шаарындагы Борбордук “Булак” базарынын аймагында аянты 65 чарчы метр болгон эт сатуучу эки соода күркөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Аламүдүн районундагы ГЭС-5 айылында жыгач устундуу темир жабылган Жуков атындагы орто мектептин от жагуучу жайынын 180 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Сузак районундагы Бек-Абад айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 180 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска чыңалуусу.

Жумгал районунун Чаек айылында турак үйдүн короосунда 250 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий