• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Өлкөдө “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” аттуу бир айлык өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Өлкөдө 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” аттуу бир айлык өтүүдө. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бир айлыктын алкагында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары улгайган жарандарга кошумча даректүү социалдык колдоо жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча максаттуу иш-чараларды жүргүзүшөт.

Министрлик бир айлыктын алкагында өткөрүлө турган иш-чараларда COVID-19 коронавирустук инфекциясы пайда болуу коркунучун алдын алуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоо менен жүргүзүлүшү керектигин белгилейт.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 513,1 миң улгайган жарандар жашайт, бул республиканын жалпы калкынын 8%ын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий