• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкөдө жарыяланган карантиндин эрежелерин сактабагандар боюнча кимге кайрылуу керек? — байланыш телефондору

Коом 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде коңшуңуз же дагы башка бирөөлөр өлкөдө жарыяланган карантиндин эрежелерин сактабай жаткан учурда кимге кайрылса болорун айтып берди.

«Телефон аркылуу кошунаңызга карантиндин канчалык маанилүү экендигин айтып бериңиз. Экинчи жол - республикалык штабдын номерине чалсаңыз болот. Биз өз кезегинде дал ушул маселе менен алектенген органга (ИИМ) маалымат жөнөтөбүз», - деди Акматова.

Эске сала кетсек, өлкөдө карантин жарыяланып, адамдардын шаар, район жана өлкө боюнча жүрүүсүн чектөө үчүн өзгөчө кырдаал киргизилди. Себеби бул адамдардын байланыштарын кыскартууга, башкача айтканда, вирустун жайылышына жол бербөөгө шарт түзөт.

Эгерде өзүңүздү жаман сезип жатсаңыз, анда ыкчам байланыш номерлерине чалсаңыздар болот:

Саламаттык сактоо министрлигинин астындагы Республикалык штаб: 0312 66 06 63. WhatsApp: 0770 89 55 56.

Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам байланыш номери: 0312 32 30 55, 0312 32 32 02.

Ошондой эле эгерде кафе, ресторандарда 50дөн ашык киши чогулса, анда КР Ички иштер министрлигинин ыкчам байланыш номерине сүрөт, видео, аталышын жана дарегин жазып жөнөтсөңүз болот: - (0312) 66-36-18; WhatsApp номери (0701) 02-70-25.

Пикир

Оставить комментарий