• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өлкөдө жогору түшүм берген жаңы жаңгак талаалары пайда болушу мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасында грек жаӊгагын культивациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.

Демилгечилер - КР Жогорку Кеңешинин депутаттары. Депутат Мирлан Бакиров мыйзам долбоорунун концепциясы менен тааныштырды.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун максаты жогору түшүм алууга багытталган жаңгак плантацияларын түзүү, жергиликтүү базардын керектөөлөрүн камсыз кылуу, жаңгактарды кайра иштетүүнү жана атаандаштыкка жөндөмдүү жана экологиялык жактан таза өндүрүмдү камсыз кылуу, өлкө калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана жаңгак көчөттөрүнүн генофондун сактап калуу болуп саналат. Депутат Мирлан Бакиров жаңгак плантацияларын түзүүдө биздин жер-шартыбыз, климат абдан ыңгайлуу экендигин айтып, бул иш колго алынса, айыл өкмөттөрү жакшы иш-аракеттерди кылса экономикага таасир этип, натыйжасын бере тургандыгын баса белгиледи. Ошону менен катар демилгечи депутат бул жерде жапайы жаңгак токойлору менен үй-шартындагы жаңгактарды аралаштырбоо керектигин, мыйзам долбоору жапайы жаңгак токойлоруна тиешеси жоктугун билдирип, долбоорду иштеп чыгууда чет өлкөлөрдүн, анын ичинде Молдованын тажрыйбасы эске алынгандыгын кошумчалады.

Жыйын жүрүшүндө депутат Алмазбек Акматов мыйзам долбоорун колдоого алаарын айтып, «уникалдуу кыргыз жаңгагы» деген бренди иштеп чыгуу керектигин ортого салды. Демилгечилердин бири Асылбек Жээнбеков мыйзам долбоору эндемикалык жаңгактарга тиешеси жоктугун дагы бир ирет белгилеп өттү.

Мындан сырткары, талкуу жүрүшүндө комитет мүчөлөрү аткаруу бийлик өкүлдөрүнөн жапайы жаңгак токойлорун ар кандай зыянкечтерден коргоо, карыган жаңгак дарактарынын ордуна жаш жаңгак көчөчттөрүн отургузуу жана башка иш-чаралардын жүрүшү боюнча маалымат алышты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий