• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өлкөдө жумушсуздардын саны 100 миӊ адамды түзөт

Коом 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-сентябрына карата иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуздардын саны 100 миӊ адамды түзөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Эмгек жана ишке орноштуруу мыйзамдарынын маселелери боюнча, кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө, кесип тандоо боюнча консультацияларды 50 миң 782 адам алган. Жумушсуздук боюнча 215 жумушсуз жаранга жөлөкпул дайындалган.

Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 8 миң 423 жумушсуз жаран ишке орноштурулган.

"Эмгек рыногунун белгилүү бир кесиптиктеги жумушчу күчүнө керектөөлөрүн эске алып, иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан кесиптик окутууга 3 миң 714 адам жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Жумушсуз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесипке жүргүзүлгөн. Бул - ширетүүчү, чач тарач, компьютер оператору, 1С билими бар бухгалтер, ашпозчу, тигүүчү, офис-менеджер, электромонтажник жана айдоочу.

Убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 9 миң 643 адам жөнөтүлгөн.

Эмгек рыногунда активдүү чаралар менен (коомдук акы төлөнүүчү жумуштар, кесиптик окутуу) 13 миң 357 жумушсуз камтылган.

2020-жылдын 1-сентябрь айына карата бош орундардын саны 11 миң 993 бирдикти түзгөн. 2 миң 692 жумушчу орун суроо-талап кылынбай калган жана бир бош жумушчу орунга 37 адам талапкер болгон.

Пикир

Оставить комментарий