• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өлкө ЕАЭБге киргенден кийин жарандардын айлык акысы 33%га көбөйгөн – Муканбетов

ЕАЭБ 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Өлкө ЕАЭБге киргенден кийин жарандардын айлык акысы 33%га көбөйгөн. Бул тууралуу КР экономика министри Санжар Муканбетов "Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикте: жыйынтыктар, тажрыйба жана келечек" аталышындагы конференцияда сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы орточо айлык акынын өлчөмү 2010-жылга караганда 2,3 эсеге артып, дээрлик 16,5 миң сомду түзгөн.

"Ошол эле учурда 2015-2018-жыл аралыгында ЕАЭБ шартында ал көрсөткүч 33%га көбөйгөн", - деди ал.

Муканбектов 8 жыл аралыгында пенсия 2,2 эсе өскөнүн айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий