• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкө экономикасын өнүктүрүү ишкердикти өнүктүрүүдөн көз каранды - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 31.10.18. /Кабар/. Өлкө экономикасын өнүктүрүү ишкердикти өнүктүрүүдөн көз каранды. Бул тууралуу Silk way индустриалдык паркына капсула салуу аземинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, аталган курулуш жеңил өнөр жайдын өнүгүшүнүн башаты болот.

"Мамлекет ишкердиктин өнүгүшүнө кызыктар. Келечекте да өлкө экономикасынын өнүгүшү ишкердиктин өнүгүшүнөн көз каранды болот", - деп билдирди премьер-министр.

Ал ошондой эле сектордун өнүгүшүнө абдан чоң көңүл бурулуп жаткандыгын билдирип, бул долбоор КР өкмөтүнүн приоритеттүү багыттарынын бири экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий