• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкө экономикасынын көрсөткүчтөрү оң натыйжага ээ

Өкмөт 0

Бишкек, 28-июль /Кабар/. «2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкө экономикасынын бардык тармактактарындагы көрсөткүчтөр дээрлик оң натыйжага ээ болуп саналат», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында 2017-жылдын январь-июнь айларына карата Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгаруу маселесин кароо учурунда. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы маалымдады.

Өкмөт башчы белгилегендей, эң негизги көрсөткүч катары 2017-жылдын башынан тартып ИДПнын көлөмү 193,9 млрд сомду түздү, өсүүнүнү реалдуу темпи 106,4% болду. Былтыр бул көрсөткүч ушул эле мөөнөттө 96,9% түзгөн.

Аны менен бирге Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Өкмөт экспортко багытталган ишканалар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык чараларды кабыл алууну улантат.

Ата мекендик товарларды экспорттоонун көлөмүнүн өсүүсү 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгыда импорттук товарлардын келүү көлөмүнүн өсүүсүнө алып келди. 2017-жылдын январь-май айларына карата товарлардын экспортунун көбөйүүсү 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,0 % жана 657,7 млн АКШ долларын түздү жана 10,9 % жогорулады.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ошондой эле 2017-жылдын аягына чейин салыктык чогултуулардын келип түшүүсүн 10 млрд. сомго чейин жеткирүү пландаштырылып жатканылыгын белгиледи. Бүгүнкү күндө ал 4,5 млрд. сомду түзүүдө.

Бишкек, 28-июль /Кабар/. Сооронбай Жээнбеков дагы бир ирет эскерткендей, улуттук экономиканы жана мыйзамдык базаны 2017-жылдын 12-августунда күчүнө кирүүчү ЕАЭБ 18 техникалык регламентине ыңгайлаштыруу боюнча иш чараларды тез арада жыйынтыктоо жана ишкерлер арасында айрыкча экспортко багытталган ишканалар арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Коомчулукта жана ишкерлер арасында так маалыматтардын жоктугунан улам ЕАЭБ ренгламенттери күчүнө кирүүсү менен атамекендик экспортерлор үчүн чекара жабылат деген пикирлер айтылууда. Бул таптакыр туура эмес. Биз ишкерлерге туура маалымат берүүгө жана ар кандай чындыкка дал келбеген маалыматтардын жайылуусунун алдын алуубуз керек», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Аны менен бирге Премьер-министр экономиканын түрдүү тармактарында инвестиция тартуунун көлөмүн көбөйтүүнүн маанилүүлүгүгн баса белгиледи. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, бул маселе бир гана Өкмөткө гана эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дагы тиешелүү.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын жетекчилерине аткарылган иштер үчүн ыраазычылыгын билдирди жана экономика тармактарындагы ушундай өсүү темпин сактоо зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий