• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкө экономикасынын дээрлик 85 пайызын ишкерлер түзөт — президент

Президент 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. «Өлкө экономикасынын дээрлик 85 пайызын ишкерлер түзөт», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, бизнес-коомчулук менен жолугушууда.

Президент ошол себептен, жалпы эле мамлекеттик органдардын жетекчилеринен баштап катардагы кызматкерлерине чейин ишкерлерге болгон мамилени түп тамырынан өзгөртүүлөрү зарылдыгын айтты.

«Өлкө экономикасы чечкиндүү чараларды талап кылууда. Кыргызстанга тез жана көзгө көрүнө турган натыйжалар керек», — деди президент Жапаров.

Садыр Жапаров белгилегендей, эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстандын экономикалык өнүгүү деңгээли салыштырмалуу төмөн деңгээлде.

«Кыргызстан дагы эле жакырчылыкты жеңе албай келе жатат. Өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли дээрлик 25 пайызга жетти, ал эми, алыскы аймактарда 40 пайызга чейин жетүүдө. Бул сандар региондордун экономикалык өнүгүүсүндө олуттуу диспропорция сакталып жатканын билдирет.

Ошондуктан, биз шаардын жана региондордун жарандарынын ортосундагы киреше айырмасын азайтууга тийишпиз — аларды минималдаштыруу зарыл», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий