• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкө экономикасынын өсүшү аудит органдарынын ишинен көз каранды – ЖК вице-спикери

Коом 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун активдүү мүчөсү катары Бишкекте IV ШКУга мүчө мамлекеттердин жогорку аудит органдарынын жолугушуусун өткөрүүнү колдойт. Бул тууралуу ШКУ жогорку аудит жетекчилеринин жыйынында Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан ШКУ мамлекеттери жана каржы көзөмөл органдары менен тыгыз кызматташтып келет.

“ШКУ аудит органдарынын жетекчилеринин жолугушуусун өткөрүү туура чечим болду деп ишенем. Анткени мындай жолугушуулар тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет. Жогорку Кеңеш жогорку мыйзам чыгаруучу орган катары мамлекеттик сектордогу каржылык каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна баа берүүгө өзгөчө көңүл бурат. Ага байланыштуу парламент менен КР өкмөтүнүн ишиндеги негизги элементтердин бири бул тиешелүү аудит жүргүзүү”, - деди ал.

Вице-спикер билдиргендей, парламенттин Эсептөө палатасы менен болгон кызматташуусу негизги мааниге ээ.

“Экономиканын өсүшү көбүнчөсү мамлекеттик аудит органдарынын ишинен көз каранды деп ишенем. Ошондой эле бул коррупция менен болгон күрөштө зор салым болот”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий