• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкөгө аткезчилик жолу менен ташылып келген 4 унаа кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан аткезчилик жолу менен ташылып келинген төрт автоунаа аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ташылып келген унаалдардан мемлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5 609 591 сомду түзөт. Алар “Мерседес-Бенц Е280”, “Мерседес-Бенц S-Class”, “Тайота –Лендкрузер-200” жана “Мазда CX-5” унаалары.

Бул фактылар боюнча чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоуктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий