• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өлкөгө аткезчилик жолу менен ташылып келген баасы 1,4 млн сомдук товарлар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Өлкөгө аткезчилик жол менен ташылып келген баасы 1 млн 410 миң сомдук товарлар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бажы кызматынын кызматкерлери Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Жаштык айылында Ж. уулу Н. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “DAF ХF95” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстан менен чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 20250 кг болгон куратылган жер-жемиштер табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 810 000 сомду түзөт.

Ошондой эле Баткен районуна караштуу Рабат айылынын аймагынан А. уулу А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Daewoo nexia” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстан менен чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 7500 таңгак “Cavallo” маркасындагы тамеки продукциясы табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 600 000 сомду түзөт.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий