• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкөгө баасы 1 млн сомдон ашык аткезчилик жол менен ташылып келген товар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Өлкөгө баасы 1 млн сомдон ашык аткезчилик жол менен ташылып келген товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош шаарында “DAF” үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 12 975 кг болгон кургатылган жемиштер табылган.

Кармалган товардын жалпы суммасы 1 024 825 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий