• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өлкөгө Казакстандан мыйзамсыз 1 миң литр күйүүчү май киргизүү аракети жасалган

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. Кыргызстандын чек арачылары "Чалдыбар – авто унаа” көзөмөл бекетинде өлкөгө Казакстандан мыйзамсыз түрдө 1 миң литр күйүүчү май өткөрүүгө аракет жасагандарды кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган бекетке Казакстандан “Toyota – Previа” үлгүсүндөгү унаасы келип, аны текшерүү маалында унаада көлөмү 700 литрди түзгөн жасалма челек жана ар биринде 50 литр болгон 6 канистр табылган. Алардын ичинде АИ-92 бензини болгон.

Кармалган күйүүчү майдын жалпы көлөмү 1 миң литрди түзгөн.

Күйүүчү майды Кыргызстанга тиешелүү документтери жок киргизүүгө аракет жасаган 1986-жылы туулган Р.А., аттуу кыргыз жараны кармалып, күйүүчү май менен чогу аймактык Салык кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий