• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкөгө мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу көмүскө экономиканы кыскартууга жана тиешелүү каттоосу жок, таризделбеген мунайзаттарды өлкөгө ташып келүүгө чектөө коюуга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маалыматына караганда, республиканын бензин менен дизел отунуна болгон жылдык керектөөсү орточо 1 млн 300 -1 млн 400 миң тоннаны түзөт. Өлкө ичинде мунайзаттарын өндүрүүдө оңдуу жылыштар болгону менен, Кыргыз Республикасынын калкынын керектөөсүн толугу менен жаба албайт жана импорттун эсебинен камсыздалууда. Күйүүчү жана майлоочу майдын 80% Россия Федерациясынан келет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы №461 токтому менен бекитилген “Мунайзаттарды эсепке алуунун жана контролдоонун жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуунун тартиби жөнүндө» жобого ылайык иш-чараларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасына чарбалык субъектилери тарабынан документтерде товардык позиция катары толтурулууда. Андан ары рынокто эң төмөнкү наркта, орточо алганда 15-20% арзан сатылып жатат. Муну менен эсепке алынбаган мунай продукцияларына акциздик салык төлөнбөйт.

2018-жылда ыкчам топ тарабынан коңшу мамлекеттен күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүү боюнча 73 факт катталды, алардын көлөмү 146 530 литрди түздү, бул болжолдуу 5 млн сомго барабар. Ыкчам-рейддик иш-чараларды ишке ашырууда аныкталган материалдар боюнча бир катар ишкерлерге административдик мүнөздөгү чаралар кабыл алынды.

Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Улутттук статистикалык комитетинин маалыматына таянып, 2018-жылдын 10 айында мунайзаттын көмүскөдөгү үлүшү сырттан ташылып келген күйүүчү майдын жалпы көлөмүнүн 25,2 % же 12 млн сомду түзгөнүн маалымдады. Ал эми 2017-жылдын 10 айында болсо, бул көрсөткүч 12,8% же 5,3 млн сомду түздү. 2019-жылдын январь айынан тарта июнга чейин тийиштүү документтери жок 5 777 тонна мунайзаты өлкө ташылып келинген.

Пикир

Оставить комментарий