• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 21-январында эл аралык “Манас” аэропортундагы “КММ” ЖАКнын убактылуу сактоо кампасында Г.Э. ЖЧКнын дарегине үчүнчү өлкөдөн келген жалпы салмагы 30,2 кг болгон декларацияланбаган ар кандай дары-дармектердин түрлөрү, медициналык буюмдар жана 27 таңгак кальян тамекиси табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий