• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жол коопсуздук башкармалыгы оң рулдуу унаалар боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда катталган өтө оор жол кырсыктарынын 60%дан ашууну оң рулдуу унаалардын катышуусунда болгон. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кыргызстанда жол кыймылынын жүрүү тартиби оң тараптуу болгондуктан, ал эми оң рулдуу транспорт каржаттары жолдун сол тарабына ылайыкташтырылгандыктан, унаадан ашып өтүүдө каршы келе жаткан транспорт каражаттарды көрбөй өтө оор жол кырсыктарына кезиккен фактылар катталууда.

Оң рулдуу унаалардын фаралары заводдон сол тараптуу жолго ыңгайлаштырылып жасалат. Түнкүсүн каршы келе жаткан транспорт каражатына өзгөчө тоскоолдуктарды жаратып коет.

“Анализ көрсөтүп тургандай, оң рулдуу унаалар Кыргызстандын транспорт жолдорунда жүрүүгө ыңгайлашкен эмес. Ошол эле учурда “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесинин 6-бөлүмүнө ылайык, оң рулдуу унааларды Кыргызстандын аймагына каттоого жана эксплуатациялоого тыюу салынган”, - деп айтылат маалыматта.

Абхазия өңдүү өлкөлөрдөн алынып келген унаалар Кыргызстанга киргени менен алты айдан кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш. Учурда бул багытта Бажы кызматы тарабынан мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш, маселелер каралууда.

Пикир

Оставить комментарий