• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкөгө туруктуулук керек – "Айкөл Таза коом" коомдук бирикмесинин төрагасы

Коом 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Өлкөгө туруктуулук керек. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында "Айкөл Таза коом" коомдук бирикмесинин төрагасы Усупбий Шеримбаев билдирди.

Ал 2010-жылдын 7-апрелинде, бүгүнкү күндүн тынчтыгы үчүн чыгып, октон жаракат алгандарын белгиледи.

Анын айтымында, мурдагы президент ак жана таза болсо, аны сотто далилдеши керек.

"Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин төрагасы Арстан Сагындыков мурдагы президентке кайрылып, баарын тынч жолу менен чечүүнү суранды.

"Эгер сиз таза болсоңуз ИИМдеги сурактан корко турган эч нерсеңиз жок. Эгер сиз күнөөсүз болсоңуз, сизди камашпайт", - дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 46 жаштагы атайын кызматтагы кызматкер каза болуп, 60тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий