• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкөнүн 3 аймагында эпидкырдаал кооптуу бойдон калууда – өкмөт башчы

Өкмөт 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн жумада сутка ичинде коронавирус жуктургандардын саны 47 адамдан 91 адамга чейин өстү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Баткенде, Ысык-Көлдө жана Жалал-Абад облусунда ооруга чалдыккандар көбүрөөк болууда.

"23-сентябрга карата 539 адам стационарда, 1 677 адам амбулатордук дарыланууда. Ошондуктан баарыңыздарды санитардык-эпидемиялык эрежелерди сактап, социалдык аралыкты сактоого чакырам", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий