• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өлкөнүн айрым аймактарында 19-октябрга чейин газ жок болот (тизме)

Коом 0

Бишкек, 13.10.18. /Кабар/. “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, айрым райондордо жаратылыш газын берүү токтотула тургандыгын маалымдайт.

Ага ылайык газ берүү төмөнкү даректерде жок болот:

- 13-октябрда Майлуу-Суу шаарынын Островский көчөсүндө;

-15-октябрда Кара-Суу шаарынын Ленин, Ош, Нурахунов, Телман, Навои, Таширов көчөлөрүндө;

-15-19-октябрь күндөрү төмөнкү Ала-Арча айылынында, Аламедин, МЧК, Коллективный, Аул; Коллективный, Колхозный, Логвиненко, Первомайский; Киргизский, Белинский, Бухарский, Сары-Челек көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий