• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкөнүн айыл-чарба өндүрүүчүлөрү күйүүчү май менен 60%дан ашуун камсыздалган

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасындагы 2021-жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө республика боюнча жалпысынан 39,1 миң тонна күйүүчү-майлоочу материалдар керектелсе, бүгүнкү күнгө карата 60,0%га камсыздалган.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, күйүүчү майлоочу материалдарга болгон орточо баалар түштүк аймакта – 42,0-45,3 сом/литри, түндүктө 39,9-40,9 сом/литри болууда.

Республиканын айыл-чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо максатында 2021-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги менен Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүү Келишимине кол коюлган.

Келишимдин шарты боюнча, айыл-чарба техникасынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо максатында Нефтетрейдерлер ассоциациясына нефтебазаларда жана май куйуучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдардын тийиштүү көлөмөдө топтоп, май куйуучу жайларда камсыз кылышы жүктөлгөн.

Бүгүнкү күнгө карата нефтебазаларда жана май куючу жайларда 23,2 миң тонна дизель отуну бар.

Жалпысынан республикада күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча абал туруктуу жана тартыштык күтүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий