• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өлкөнүн башкы балатысы эски жаңы жылдан кийин алынат – мэрия

Коом 0

Бишкек, 09.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Өлкөнүн башкы балатысы эски жаңы жылдан кийин алынат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 15-январдан кийин шаардагы бардык жаңы жылдык жасалгалар алынат.

Эске сала кетсек, 15-декабрда мэр Албек Ибрагимов Аяз ата жана Аяз кыз менен бирге “Ала-Тоо” аянтындагы өлкөнүн башкы балатысын жандырышкан.

Белгилей кетсек, башкы балатыны, аянтты, шаар көчөлөрүн жана аллеяларды кооздоо үчүн 15 миллиондон ашуун сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий