• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өлкөнүн башкы пульмонологу коронавирустан өз алдынча дарыланууга болбой тургандыгын эскертти

COVID - 19 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев жарандарды коронавирустан өз алдынча дарыланууга болбой тургандыгын эскертти.

"Коронавирустан өз алдынча дарыланууга болбойт. Өз алдынча дарыланганда кесепеттери оор болгон учурлар Кыргызстанда да, башка мамлекеттер да бар. Ооруканадабы же үй шартында болобу дарылар дарыгер тарабынан жазылып берилиши керек", - деди ал.

Аны менен бирге ал коронавирусту дарылоо боюнча төртүнчү протокол тууралуу айтып, учурда дарылоо, дарыларды жазып берүү ал протоколго ылайык жүргүзүлүшү керектигин билдирди.

"Дагы бир көңүл бура турген нерсе, антибиотиктер вируска каршы колдонула турган дары эмес. Ошон үчүн антибиотик, гармоналдык дарыларды өз алдынча пайдаланууга болбойт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий