• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Өлкөнүн беделине шек келгени турат". Президент парламентте тышкы карыз тууралуу айтты

Президент 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы алдыда өлкөнүн сырткы карызын төлөө, каржы булактарын табуу керек деген чоң маселе бар экендигин эске салды.

"Тагдырдын жазмышы экен, бул чоң көйгөй менин учурума туш келди. Буга чейинки берилген маалыматтарга ылайык, быйыл 23 миллиард сом, эмдиги жылы 25 миллиард сом тегерегиндеги сырткы карызды жабуу милдети турат. Алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылдан бери алган карыздарыбызды төлөшүбүз керек. Төлөй албасак, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өлкөнүн беделине шек келгени турат", - деп баса белгиледи президент.

Садыр Жапаров элге убада берип, бийлик башына келгенден кийин сырткы карыз сындуу олуттуу маселелерди чечүүгө да чечкиндүүлүктү көрсөтүү керектигин билдирди.

"Албетте, мындай олуттуу маселерди сиздердин колдооңуздардын астында чечебиз деп ишенем. Ошентсе да жогорудагыдай саясий упай топтоп, “электорат көбөйтөм” деген саясатчыларга кечээ жакында - 2020-жылы эле эмгек акыларды көтөргөндү, жол, мектеп жана башкаларды салганды, ири долбоорлорду пландап, ишке ашырганды мындай кой, ушул сырткы карызыбыздан кантип кутулабыз деген маселе күн тартибине коюлуп, айлабыз куруп турган маал экенин эске сала кетейин. Мындай шартта элдин атынан шайланып, тагылган иш-милдеттерин так аткарып, карапайым калктын койгон талаптарын ишке ашыруу үчүн кандай гана тоскоолдуктар болбосун, алга жыла беришибиз керек. Эң башкысы, элдин камын көргөн ишибиз ак жана так болсо болду. Себеби өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү мол болгон Кыргызстандын жүгүн алга тартып кетүүдө шайлоочуларыбыздын койгон талаптары эң туура", - деди мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий