• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган ат чабыш боюнча мелдеш жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 08.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-ноябрь күнү Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган ат оюндарынын алкагында ат чабыш боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Жеңүүчүлөрдүн жана байгелүү орун ээлеринин тизмеси:

Кунан чабыш, катышуучулардын саны – 17:

1-орун – Айдана (Байкол-Шайка) –аргымактын каймана аты, ээси – Абдылдаев Намир, машыктыруучусу – Саид, байгеси – 30 000 сомов;

2-орун – Агат (Апогей-Ариет), ээси – Шабданов Данияр, машыктыруучусу – Чоноев Адилет, байгеси – 18 000 сомов;

3-орун – Карлыгач, ээси – Саматов Жыргал, машыктыруучусу – Дурболон у Эдил, байгеси – 13 000 сомов;

4-орун – Байтору, ээси – Кенешбек-Ата асыл тукум жылкы фермасы (ж/ф) машыктыруучусу – Изат, байгеси – 9 000 сомов.

Жорго салыш, катышуучулардын саны – 13:

1-орун – Гариславна, ээси – Адамалиев Турсунбек, машыктыруучусу – Туратбекова Жылдыз, байгеси – 30 000 сомов;

2-орун – Чемберлен (Бюстердано), ээси – Кажиев Мамбет, машыктыруучусу – Жайлообеков Чубак, байгеси – 18 000 сомов;

3-орун – Бурадар (Борон- Койкол), ээси – Эльдияр ж\ф, машыктыруучусу – Баатырбеков Жанат, байгеси – 13 000 сомов;

4-орун – Побед (Патрон-Мачо), ээси – Ургазиев Камчыбек, машыктыруучусу – Ургазиев Камчыбек, байгеси – 9 000 сомов.

Аламан байге, катышуучулардын саны – 12:

1-орун – Кокбайтал (Серперсий), ээси – Мамбетаитов Турсунаалы, машыктыруучусу – Омуралиев Керим, байгеси – 35 000 сомов;

2-орун – Барон, ээси – Доолотбаков Канат, машыктыруучусу – Сатыбалдиев Айбек, байгеси – 20 000 сомов;

3-орун – Жылдыз, ээси – Абдразаков Нурдин, машыктыруучусу – Кубанычбеков Эрлан, байгеси – 18 000 сомов;

4-орун – Баяна (Онепич-Зайчик), ээси – Раималиев Салдатбек, машыктыруучусу – Абдрахманов Белек, байгеси – 12 000 сомов.

Мындан тышкары, жеңүүчүлөр жана байгелүү орун ээлери Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын атынан дипломдор, медалдар жана кубоктор менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий