• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндө статистиканын ээлеген орду чоң - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 29.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29 апрелде статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун текстин толугу менен келтиребиз:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын статистика кызматкеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргызстандын Улуттук статистика системасы өлкөдө болуп жаткан негизги экономикалык, социалдык, демографиялык жана экологиялык процесстер жөнүндө статистикалык маалыматтар менен мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту 90 жылдан ашык мезгил бою үзгүлтүксүз камсыз кылып келет.

Илимий методдордун негизинде так жана өз учурунда чогултулган статистикалык маалыматтарсыз туура башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу, божомолдоо жүргүзүү жана өлкөнүн өнүгүүсүнүн кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү стратегияларын иштеп чыгуу мүмкүн эмес.

Бул Сиздердин ишиңиздердин абдан маанилүү жана ардактуу экендигин, ошондой орду чоң экендигин айгинелейт.

Калыптануу жолунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети улуттук статистикалык системаны колдонуудагы эл аралык стандарттарга жана эрежелерге ылайык келтирүү боюнча зор ишти аткарды.

Биздин алдыбызда аны мындан ары да өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча жаңы милдеттер турат. Маалыматтардын ишеничтүүлүгүн жана өз убагында берилишин камсыз кылган, иштин натыйжалуулугун жогорулатуучу алдыңкы маалыматтык технологияларды киргизүү зарыл. Мамлекеттик статистика органдарынын жогорку квалификациялуу кызматкерлеринин үзүрлүү эмгеги алдыбызда турган милдеттерди ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет деп ишенем.

Сиздерге чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, байгерчилик, жооптуу мамлекеттик ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!”

Пикир

Оставить комментарий