• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкөнүн энергетикалык тутуму штаттык режимде иштеп жатат – Абдыкадыров

Коом 0

Бишкек, 03.01.19. /Кабар/. Учурда өлкөнүн энергетикалык тутуму штаттык режимде иштеп жатат, - деп билдирди «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Азамат Абдыкадыров.

Ал маалымдагандай, энергетиктердин ырааттуу иш алып баруусуна жараша, 2018-жылдын 31-декабрында жана 2019-жылдын 1-январында жогорку чыңалуу тармактарында орун алган бузулууларды ыкчам тартипте четтетүүгө мүмкүндүк болду.

Белгилей кетсек, бүгүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун жана майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда энергетикалык тутумдун үзгүлтүксүз ишин камсыздоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери Өкмөт башчы тарабынан мурда берилген тапшырмаларга ылайык, жаңы жылдык майрам учурунда ички иштер органдарынын жеке курамы, энергетикалык кызматтын жана башка ведомстволордун өкүлдөрү күчөтүлгөн режимге өткөрүлгөндүгү тууралуу маалымдашты.

Маалыматка ылайык, учурда республикада туруктуу коомдук-саясий абал сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий