• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкөнүн маданият кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи

Президент 0

Бишкек, 22.09.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, салтанаттуу аземде республиканын маданий, интеллектуалдык жана руханий дараметин өнүктүрүүгө салым кошкон көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бир катар маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө көп жылдан бери өз тармактарында үзүрлүү иштеп, өлкөдө улуттук маданиятты жайылтууда адистердин жасаган эбегейсиз эмгегин белгиледи.

Садыр Жапаров маданият ишмерлеринин өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалап, алардын улуттук баалуулуктарды жана каада-салттарды сактап, келечек муунга жеткиргени үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги маданият чеберлерин бул багытта колдойт жана алардын чыгармачылык иштеринин жигердүү болушу үчүн зарыл нерселердин баарын жасайт деп ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий