• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өлкөнүн өнүгүү жүрүмүн стратегиялык башкаруу чараларын иретке келтирүү демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште өлкөнүн өнүгүү жүрүмүн стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу чараларын ыраатташтыруу максатында иштелип чыккан “Мамлекеттик стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин бири депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, азыркы учурда Кыргызстандын мыйзамдарында стратегиялык документтерди иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун тартиби менен шарттарын белгилеген, стратегиялык пландаштыруу алкагында мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратууну караган ченемдик укуктук акты жок.

“Стратегиялык документтердин түрлөрүнүн түзүмү да так аныкталган эмес. Ушу тапта 200гө жакын стратегиялык документ колдонулат. Мыйзамдардын маалымат базасында ар түрдүү аталыштарды алып жүргөн 700дөн ашык стратегиялык документ турат. Мисалы, улуттук стратегия, стратегия, концепция, мамлекеттик программа, программа ж.б.у.с.лар. Аларды ыраатташтыруу зарылдыгы бар”, - дейт баяндамачы.

Ошондой эле, Президент мамлекет башчысы болуп саналгандыктан, стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу тутумунда ага негизги ролду бекемдөө сунуш кылынууда. Президент улуттук стратегияны иштеп чыгууну демилгелейт жана бекитет. Долбоор жөнгө салуу таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ал ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.

Андан тышкары, стратегиялык документтерди иреархиясын белгилөө сунуш кылынууда. Иреархиянын биринчи деңгээлине улуттук стратегияны – коомдун экономикасынын баардык тармагын, жашоо-чөйрөсүн камтыган узак мөөнөттүү мезгилге өлкөнү стратегиялык өнүктүрүүнүн жалпы багыттарын камтыган мамлекеттик стратегиялык башкы документти белгилөө сунушталды.

Иреархиянын экинчи деңгээлине Өкмөт тарабынан киргизилип, Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүчү өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программасы сунуш кылынат.

Ал эми мамлекеттик программалар иреархиянын үчүнчү деңгээлинде турат. Алар жогорудагы стратегиялык документтерге ылайык иштелип чыгууга тийиш.

Депутат Курманкул Зулушев мыйзам долбоору тармактык комитетте каралбай, башка комитетте каралып калганын, талкуу мыйзамсыз болуп каларын, Өкмөттү да мыйзамсыз жолго түрпөө керектигин, Конституцияга да каршы келип калышы мүмкүн экенин айтып, мыйзам долбоорун күн тартибинен алып коюуну сунуштады. Баяндамачы Президенттин аппараты менен Өкмөт мыйзам долбооруна макул экенин билдирди.

Ал эми депутат Бакыт Төрөбаев мыйзам долбоору мамлекеттин өнүгүшү үчүн өтө керек документ экенин, тармактык комитетте экинчи окууда деле талкууланса боло турганын белгиледи.

Жыйынтыгында “Мамлекеттик стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу жөнүндө” мыйзам долбоору күн тартибинен алынып салынды. Ал Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча каралгандан кийин, кайрадан парламентте каралмакчы.

Пикир

Оставить комментарий