• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өлкөнүн облустук, шаардык жана райондук сотторуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыктарга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 15.10. 18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын Чүй облустук сотуна, Ош шаардык сотуна, Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондук сотторуна, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна, Нарын облустук сотуна, Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Чуй облустук сотуна, Чуй облусунун Аламүдүн райондук сотуна, Ош шаардык сотуна, Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондук сотторуна, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна, Нарын облустук сотуна, Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондук сотторуна бирден талапкердин, ал эми Ысык-Көл облустук сотуна 2 талапкердин судьяларынын кызмат ордуна дайындоого 11 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, Президент Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна 8 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы 3 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 8 талапкер дайындалды.

Экинчи Жарлык менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

Чуй облустук сотуна — Эркебаев Адилет Маматеминович;

Ош шаардык сотуна — Абсатарова Гулзат Абсатаровна;

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна — Баймуратов Нурлан Рахматилдаевич;

Ош облусунун Өзгөн райондук сотуна — Мамашов Алмаз Абдибалиевич;

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна — Акбердиев Марат Туратбекович;

Нарын облустук сотуна — Бердибеков Алтынбек;

Баткен облусунун Кадамжай райондук сотуна — Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевич;

Баткен облусунун Баткен райондук сотуна — Турдумамбетова Индира Таштанбековна жиберилишти.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий