• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкөнүн прокуратура органдарынын кызматкерлери спорттук турнирде өз күчтөрүн сынап көрүштү

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Өлкөнүн бардык облустарындагы прокуратура органдарынын кызматкерлери арасында жалпы республикалык турнир болуп өттү.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, турнирдин ачылыш аземине Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, анын орун басарлары Жамиля Жаманбаева, Нурлан Дүйшөмбиев жана Аскер прокурору Нуркамал Набиевдер катышты.

Прокуратура кызматкерлери арасында турнирлер жыл сайын өткөрүлөт. Алар дени сак жашоону үндөөгө багытталган.

Мелдештер спорттун 7 түрү боюнча өткөн: футбол, волейбол, стол тенниси, жеңил атлетика, шахмат, бильярд жана тогуз коргоол.

Турнирдин жеңүүчүсү болуп Жалал-Абад прокуратурасынын командасы аныкталды, экинчи орунду Башкы прокуратуранын командасы, 3-орун Ош облустук прокуратурасынын командасы ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий