• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкөнүн сүт өндүрүү тармагын өнүктүрүү багытында 5 млн доллар каражат алынмакчы

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15-май /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети өлкөнүн сүт өндүрүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган ”Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча” (кредит 5918 -KG, грант D147-KG) Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, бул долбоор ишке ашырылса, Ысык-Көл облусунда сүт өндүрүү 15 пайызга же ар уйдан 2047 литрден 2400 литрге чейин жогорулоосу күтүлөт.

Бул багытта Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциясынын 5 млн доллар бөлөт, анын ичинде 2 млн 250 миӊ доллар гранттык каражат, ал эми 2 млн 750 миӊ доллар насыялык каражат болуп саналат.

Жеӊилдетилген насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Сүт өндүрүүдөн тышкары, долбоордун алкагында 220 миӊ баш малды иденфикациялоо жумуштары жасалып, кошумча 3 ветеринардык пост орнотулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий