• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкөнүн сүт өндүрүү тармагын өнүктүрүүгө эл аралык донордон 5 млн доллар каражат алынмакчы

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16-май /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети өлкөнүн сүт өндүрүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган ”Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча” (кредит 5918 -KG, грант D147-KG) Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, бул долбоор ишке ашырылса, Ысык-Көл облусунда сүт өндүрүү 15 пайызга же ар уйдан 1800 литрден 2000 литрге чейин жогорулоосу күтүлөт.

Бул багытта Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциясынын 5 млн доллар бөлөт, анын ичинде 2 млн 250 миӊ доллар гранттык каражат, ал эми 2 млн 750 миӊ доллар насыялык каражат болуп саналат.

Жеӊилдетилген насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Сүт өндүрүүдөн тышкары, долбоордун алкагында 220 миӊ баш малды иденфикациялоо жумуштары жасалып, кошумча 3 ветеринардык пост орнотулат. Андан тышкары, мамлекеттик органдар менен жеке жактардын өз ара байланышын жакшыртуу чаралары да иштелип чыкмакчы.

Пикир

Оставить комментарий