• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өлкөнүн сот системасынын бир катар кызматкерлери КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды

Президент 0

Бишкек, 09.12.19./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, мыйзамдуулукту чыңдоодо сиңирген эмгеги жана сот органдарындагы көп жылдык үзүрлүү иши үчүн бир катар сот системасынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды.

Маалыматка ылайык, Сатыбалдиева Нургуль Айыповнага — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясына «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» деген ардактуу наам ыйгарылды.

Аширов Жанышбек Сайдилаевич — Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы;

Бекмухамедова Дилором Абдулнабиевна — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиянын ишмердүүлүгүн камсыздоо бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүүчүсү;

Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич — Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунун судьясы;

Жаналиев Бекболот Болотбекович — Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Мындан тышкары, бир катар судьялар, ардагерлер жана сот системасынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, Сыйлыктар Кыргыз сотунун 95 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий