• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкөнүн түштүгүндө кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына карата кино кербени өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад, Баткен жана Ош шаарларында кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына карата кино кербени расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрында ачылган кино кербенге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, маданият жана кино ишмерлери, ошондой эле кино сүйүүчүлөр катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Жаманкулов белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаровдун кыргыз киносунун өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгилеп, кыргыз кереметинин тарых барактарында татыктуу орун алганын жана кыргыз киносунун классиги катары каларын белгилеп, кино кербенинин жолу байсалдуу болсун деп куттуктоо жолдоду.

Маалымат катары билдирсек, Кыргыз эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына арналган кино кербени республиканын бардык аймактарында өткөрүлүп, ал тарабынан тартылган кинолор кинотераларда акысыз көрсөтүлмөкчү.

Геннадий Базаров 1942-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүтүргөн.

Пикир

Оставить комментарий