• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкөнүн түштүгүндө шамал турак үйлөрдүн чатырын учуруп кетти

Аймак 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Дем алыш күндөрү Ош жана Жалал-Абад облустарында катуу шамал болуп, бир катар турак үйлөрдүн, социалдык объекттердин чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 21-декабрь күнү саат 21:00 чамасында Ала-Бука районундагы (Жалал-Абад) Көк-Таш жана Биринчи Май айыл аймактарында шамал болуп, Көк-Таш айыл аймагындагы Жалгыз-Өрүк айылында 25 турак үйдүн, Орто-Суу айылында 32 турак үйдүн, Чоң-Сай айылында 5 турак үйдүн жана Биринчи Май айыл аймагындагы Ак-Башат айылында 18 турак үйдүн чатырларын учуруп кеткен.

Кечээ, 22-декабрь күнү болжол менен саат 09:30да Чоң-Алай районундагы (Ош Облусу) Кашка-Суу жана Чоң-Алай айыл аймактарында ылдамдыгы секундасына 22-28 метрге жеткен шамал болуп, Кашка-Суу айыл аймагындагы Кара-Кабак айылында маданият үйүнүн 4 даана, Кара-Кабак атындагы орто мектебинин 5 даана шиферин жана 3 турак үйдүн жалпы 60 чарчы метр чатырын, Кабык айылында 2 турак үйдүн жалпы 25,2 чарчы метр чатырын, Ачык-Суу айылында 2 турак үйдүн жалпы 71,7 чарчы метр чатырын, Кашка-Суу айылында 5 турак үйдүн жалпы 398 чарчы метр чатырын, Чоң-Алай айыл аймагындагы Жаш-Тилек айылында 2 турак үйдүн жалпы 30 чарчы метр чатырын жана Дароот-Коргон айылында 2 турак үйдүн жалпы 105 чарчы метр чатырын учуруп кеткен.

Ошондой эле 22-декабрь күнү болжол менен саат 11:00дө Алай районунун (Ош облусу) Талды-Суу жана Сары-Таш айыл аймактарында болжол менен ылдамдыгы секундасына 22-24 метрге жеткен шамал болуп, Талды-Суу айылында 3 турак үйдүн жалпы 26 даана шиферин жана Сары-Таш айылында 3 турак үйдүн жалпы 79 чарчы метр чатырын учуруп кеткен.

23-декабрь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий