• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өлкөнүн түштүк аймагында "Калыптоо-2021" мобилдүү машыгуусу башталды

Аймак 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Кечээ, 1-апрелде Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын аймагында "Калыптоо-2021" машыгуусу башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, машыгуунун ачылыш аземи коргоо Таалайбек Өмүралиев жана өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин катышуусу менен өттү.

Машыгуунун жүрүшүндө, өзгөчө абал киргизилген шарттарда резервдик калыптоону жүргүзүү үчүн, аскерге чакыруу мобилизациялык иш-чарасын аткарып, мобилизация болгон ресурстарды жайгаштырып жана окуу борборунда аткыч роталарды күжүрмөндүүлүккө шайкеш келтирүү боюнча бир катар практикалык иш-чаралардын комплекси аткарылат.

Машыгуунун катышуучулары менен тактикалык жана ок атуу даярдыктары боюнча сабактар өткөрүлөт. Ошондой эле мобилизацияны өткөрүүнү билүү жана штабдарды окутуп-үйрөтүү маселелерин иштеп чыгуу боюнча иш-аракеттер уюштурулууда.

«Калыптоо» машыгуусу 2018-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бүгүнкү күнгө чейин аталган машыгуулар Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында өтүп, 2020-жылы өлкөбүздөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу өткөн эмес.

Быйыл «Калыптоо» мобилизациялык машыгуусу «Коопсуздук» командалык-штабдык машыгуусу менен биргеликте өтүп жатат. Машыгуулардын ачылышы 2021-жылдын 1-апрелде өтүп, 3-апрелге чейин улантылат.

«Коопсуздук» жана «Калыптоо» биргелешкен командалык-штабдык машыгууларга 2 миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобилдер, брондолгон жана атайын техникалар, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле, 10дой авиациялык техника тартылат.

Пикир

Оставить комментарий