• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Алсак, 2020-жылдын 25-мартынан 27-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 67-107-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Ошондой эле Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий