• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар - Кыргызгидромет

Коом 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 25-26-февралына күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий