• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар - Кыргызгидромет

Коом 0

Бишкек, 24.01.21 /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу 25-январда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий