• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат - Кыргызгидромет

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. 15-16-апрелде жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-250 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий