• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Коом 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-апрелинен 30-апрелине чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-135 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-246 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 72-75 (Чапчыма ашуусу), 199-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 295-300 (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Ош-Сары-Таш-Эркештам автоунаа жолунун 161-179 (Талдык ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий