• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Коом 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-майында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-246 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 199-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) суу кар көчкүсү түшүүcү күтүлөт.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий