• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-11-майында чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-223, 231, 246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 199-215 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 75-85-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) суу кар көчкүсү түшүүcү күтүлөт.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий