• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал

Коом 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидроме борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-февралдан 14-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий