• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өлкөнүн тышкы карызы боюнча жумушчу топ түзүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 25-июнда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын тышкы карызы тууралуу КР Өкмөтүнүн маалыматы угулду. Бул маселе депутат Каныбек Иманалиев тарабынан демилгеленген.

Комитет жыйынында аталган маселе боюнча КР Каржы министринин орун басары Алмаз Азимов, илимпоздор Асылбек Айдаралиев жана Кулубек Бөкөнбаев баяндамалары менен чыгышты.

Талкуу жыйынтыгында комитет мүчөлөрү өлкөнүн тышкы карызы боюнча жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алышты. Ошондой эле 2019-жылдын октябрында бул маселе боюнча парламенттик угуу өткөрүү пландаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий