• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкөнүн жарым миллиондон ашуун тургуну COVID-19га каршы вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 5-августуна карата Кыргыз Республикасы боюнча 505 миңден ашуун адам коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды, бул вакцинацияланууга тийиш болгон жалпы жарандардын 14,8 %ын түзгөн. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Жалпысынан 641 миңден ашык вакцина колдонулган. Биринчи доза менен жарым миллиондон ашык адам эмделген, ал эми экинчи доза менен 135 миңден ашуун адам эмделген.

Белгилей кетсек, COVID-19 каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында өлкөдөгү 3,4 миллион адам эмдөөдөн өткөрүлүүчү максаттуу топ катары аныкталган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки балдар, тышкы эмгек мигранттары киргизилген эмес. Коллективдик иммунитет түзүлүшү үчүн максаттуу топко киргизилген 70% кем эмес жарандарды вакцинациялоо зарыл, ал 2,4 млн адамды түзөт.

"Кымбаттуу жарандар! COVID-19 жайылышын болтурбоонун, өзүңүздү жана жакындарыңызды оорудан коргоонун, организмди алдын ала даярдоонун жана иммундук коргоону камсыз кылуунун бирден-бир ишенимдүү жолу эмдөө болуп саналгандыгын Республикалык ыкчам штаб эскертет.

Жарандарды акысыз жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүп жаткан COVID-19 каршы эмдөөгө активдүү катышууга чакырабыз".

Пикир

Оставить комментарий